Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Масабиров: машыктыруучулар унааларын ломбардга коюп, карыз болуп жүрүшөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Таалайбек Масабировдун архивдик сүрөтү
Кыргызстан фракциясынын депутаты Таалайбек Масабировдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Таалайбек Масабиров Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин 19 миллион сомго жакын карызы бар экендигин айтты.
Масабиров: машыктыруучулар унааларын ломбардга коюп, карыз болуп жүрүшөт

Машыктыруучуларыбыз унааларын ломбардга коюп, карыз болуп жүрүшөт. Бул тууралуу депутат Таалайбек Масабиров парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн, 29-ноябрда, өкмөт башчы Сапар Исаков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

"Сиз спортко сый-урмат менен карап келесиз. Жаш балдар дүйнө чемпиондору болушууда. Бирок каржы жактан колдоо жетишсиз. Аларды башка өлкөлөр өздөрүнө чакырышууда. Кызыктырып үй, унаа берип, жакшы маяна төлөшөт. Бирок биздин спортчулардын кеткиси жок. Андыктан материалдык жактан колдоо көрсөтүп, кийинки жылы боло турган Азия оюндарына өзүңүз катышып берсеңиз", — деди депутат.

Ал Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин 19 миллион сомго жакын карызы бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0