Сузакта 80 миң калкты тейлей турган милициянын аймактык бөлүмү ачылды

© Фото / Зульфия ТургуноваОткрытие отдела милиции в селе Мундуз
Открытие отдела милиции в селе Мундуз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имаратты курууга салым кошкон активдүү тургундар "Милициянын 90 жылдык" төш белгиси менен сыйланды

ЖАЛАЛ-АБАД, 30-ноя. — Sputnik. Сузак районунун Мундуз айылында милициянын аймактык бөлүмү ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук милициянын башчысы Акылбек Мамасейитов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, имаратты куруу үчүн облустук милиция жетекчилиги тарабынан демилге көтөрүлүп марафон өткөрүлгөн.

"Жергиликтүү бийликтин колдоосу жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жалпы 3 миллион сомго жакын акча каражаты чогулуп, курулуш иштерине жумшалган. Пайдаланууга берилген милиция бөлүмү Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Таш-Булак жана Сузак айыл өкмөттөрүндөгү 80 миңден ашуун калк жашаган 48 айылды, 36 орто мектепти, 8 бала бакчадагы балдардын коопсуздугун камсыз кылат", — деди Мамасейитов.

Ал ошондой эле имаратты курууга салым кошкон активдүү тургундар "Милициянын 90 жылдык" төш белгиси жана ОИИБдин ардак грамоталары менен сыйлангандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0