Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаап, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Чүй, Талас, Нарын облустарында 1…6 градус суук болуп, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылуу болот.

Бишкекте 3 градуска чейин суук болсо, Ошто 2 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0