Кыргызстандагы эң чоң балаты кантип жарк этти. "Ала-Тоодон" тартылган видео

Жазылуу
15-декабрдын кечинде Бишкекте өлкөнүн негизги балатысы жандырылды. Калаа мэри Албек Ибраимов шаардыктарды куттуктап, анын артынан эстрада жылдыздары концерт берди.

Өлкөнүн жаңы жылдык башкы балатысын жандыруунун урматына уюштурулган майрамдык иш-чара жаш таланттардын бийи менен ачылды. Андан соң Аяз ата менен Аяз кыз карета менен келип, балатынын отун жандырышты.

Бишкектин Ала-Тоосунда башкы балатынын оту жанды. Жомоктогудай көрүнүш - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин "Ала-Тоосунда" башкы балатынын оту жанды. Жомоктогудай көрүнүш
Андан сырткары, "2018" деп кооздолгон жазуу ар кыл түстө күйүп, айланасында өчүп-жанган кооздуктар аянттагыларга башкача бир сезимди тартуулады. Ошондой эле балатынын айланасына чогулган бир нече жүз кишиге концерт берилди.

Жаңы жылдык балатыны кооздоого мэрия 1 миллион 200 миң сом коротту. Ага сары түстөгү 87 ири курамдар жана андан сырткары кичирээк 150 оймо-чиймелер колдонулган. Ал эми жалпы аянтты жасалгалоого 2 миллион 800 миң сом каралган. Бул акчага жети балаты кооздолуп, чакан эки үйдүн конструкциясы, күйүп-жанып турган 12 торшер жана башка жасалгалар, "2018" санын көрсөткөн инсталляция жасалган. Буга кошумча күйүп-өчүп турган 17 ири инсталляция, бак сымал жаркыраган кооздук жана дагы 10 шар орнотулган. Мунун үстүндөгү түркүн түстүү жарыкка үч мерчемдүү полотного 9 миллион сом сарпталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0