Бишкекте бир жумада төрт бала жоголгондугу боюнча милицияга билдирүү түшкөн

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүӨспүрүм бала. Архив
Өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер органдарына жоголгон өспүрүмдөр боюнча билдирүүлөр такай түшүп турат

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. 7-декабрдан 14-декабрга чейин Бишкекте төрт бала жоголгонун шаардык ИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Биринчи Май районунда эки бала жана Свердлов менен Октябрь райондорунда бирден бала жоголгон.

Эгер өспүрүмдөр жоголсо тезинен 102 номерине билдирүү керектигин милиция эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0