Бишкекте жаңы жылдык жарманке ачылат

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүЯрмарка елочных игрушек в ГУМе
Ярмарка елочных игрушек в ГУМе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катышуучулар азык-түлүк жана башка буюмдарды ала алышат

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкекте 21-25-декабрь аралыгында "Жаңы жылдык белек" аттуу жарманке өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Калаа тургундары жарманкеден алкоголдук жана алкоголдук эмес ичимдиктерди, косметика, парфюмерия, жаңы жылдык аксессуарларды, турмуш-тиричилик техникаларын жана зер буюмдарды таба алышат.

Жарманке Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0