Жаңы жылда 7 күн эс алуу сунушталды

Жазылуу
Ишкана кызматкерлери, уюм жана мекемелер дем алыш күндөрдү узартуу маселеси менен кайрылышкан

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстандын тоо-кен профсоюзу жаңы жылдык эс алуулардын убактысын узартууну сунуштады. Бул туурасында аталган ведомствонун борбордук комитетинин жетекчиси Элдар Тажибаев билдирди.

Жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шоу, эс алуу, жарманке! Мэрия жаңы жылдык программаны жарыялады
Анын айтымында, Кыргызстан тоо-кен профсоюзунун дарегине ишкана кызматкерлеринен, уюмдардан жана мекемелерден дем алыш күндөрдү узартуу маселеси менен кайрылышкан. Ошондой эле ЖМК менен социалдык тармактарда дагы бул маселе көтөрүлүүдө.

Мындан улам беш күндүк график менен иштеген мекемелердин эс алуусу боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине эки сунуш жиберилди.

— Дем алыш күн деп саналган 7-январь (рождество) жекшемби күнгө туура келгендиктен 8-январь эс алуу күнү болот. Мындан улам 8-январды экисине, 13-январды үчүнө жылдыруу сунушу киргизилди. Ага ылайык эс алуу күндөрү 30-декабрдан 3-январга чейин уланышы керек;

— Ишембиге туура келген 8, 13, 20, 27-январь күндөрүн 2, 3, 4 жана 5-январга жылдырып, 30-декабрдан 7-январга чейин эс алуу сунушу.

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 31-декабрдан 3-январга чейинки аралыкты дем алыш күнү деп жарыялоо боюнча токтом долбоорун сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0