Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Боронов: 24 адам өлгөн Аюу айылынын тургундары дагы деле көчпөй жатышат

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр чрезвычайных ситуаций Кубатбек Боронов
Министр чрезвычайных ситуаций Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, учурда кооптуу делген жерге 40ка чукул үй-бүлө кайра барып алган
Боронов: 24 адам өлгөн Аюу айылынын тургундары дагы деле көчпөй жатышат

24 адам өлгөн Өзгөндүн Аюу айылынын тургундары дагы деле көчпөй жатышкандыгын Кубатбек Боронов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, аталган аймакта 29-апрелде жер көчүп, алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган.

"Шарт түзүп, акчасын берсе да коопсуз жайларга көчүп барбай жүргөн жарандарыбыз бар. 24 адам жер көчкү алдында калган Өзгөндүн Аюу айылындагы 40ка чукул үй-бүлөгө башка жер берип, шарт түзүп берсе да кайра эле баягы жеринде жашап жатышат. Ал жерде көчкү жүрүү коркунучу күч", — деди Боронов.

Ал жарандардын үйүн түрттүрүп салуу мыйзамсыз болгондуктан ӨКМ мындай кадамга бара албай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0