Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акаев: өкмөттүн 40 кадамынын бир кадамы да аткарылган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөт кадр саясатын туура эмес жүргүзүп жатканын айтты
Акаев: өкмөттүн 40 кадамынын бир кадамы да аткарылган жок

Өкмөттүн 40 кадамынын бир кадамы да аткарылган жок. Бул тууралуу эл өкүлү Жанар Акаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, парламент бүгүнкү, 21-декбардагы жыйынында Улуттук Банктын жетекчилигине Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырды.

"Жалпы өкмөттүн кадр саясаты боюнча айткым келет. Тарыхта мындай жоопкерчиликсиз мамиле болбосо керек. Сапар Исаков 100 күн убактыбыз таанышууга кетти дейт. Алар даяр программасы менен барышы керек да. "Жаңы доорго 40 кадам" программасы бар эле. Анын бир кадамы да ишке аша элек. Бир дагы реформа жасалбады", — деди Акаев.

Ал жаш өкмөт өкүлдөрү элдин жаштарга болгон үмүтүнө суу сеппеши керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0