Шашылыш билдирүү! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүcү күтүлөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертет

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Бишкек — Ош жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош автоунаа жолуна чектөө киргизилди
Ага ылайык, 26-декабрдан 29уна чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусу, Төө-Ашуу ашуусунун 121-138, Чычкан капчыгайынын 198-265, Ала-Бука — Каныш-Кыя трассасынын 65-97 жана Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-9 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Ошондой эле ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0