Күбө: Чычкан капчыгайынан Ала-Белге чейин 30 чакырымга жеткен автотыгын бар

© Фото / пресс-служба МЧС КРУнаа жолдо тыгында турган автоунаалар, Архив
Унаа жолдо тыгында турган автоунаалар, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулар техникалар карды тазалап үлгүрбөй жатканын, ошол эле учурда каз катар тизилген автоунаалар иштеп жаткандарга тоскоолдук кылып жатканын айтышты

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Ош тараптан келе жатканда Чычкан капчыгайынан Ала-Белге чейин унаа төрт катар тизилип, айдаганга жол калбай калганын, баш-аягы 30-40 чакырымга дейре автотыгын пайда болгонун жүргүнчү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 29-декабрга караган түндөн тарта күндүзгү саат 15:00гө чейин аталган жол кесиминде айдоочулар эч жакка жыла албай туруп калган.

"Карды тазалаган грейдерлер жол тыгындан улам жыла албай карда калып калыптыр. Фуралар жолду ээлеп алгандыктан жеңил автоунаалар ары-бери өтө албай турат. Фуралардын майлары тоңуп ордунан жылбай калды. Бул жерде эки гана милиция кызматкери иштеп жетишпей жатат", — деди ал.

Жүргүнчү ошондой эле Сосновка постунан машиналарды өткөрбөй турганда мындай нерсе болмок эместигин кошумчалады.

Лыжная база ЗИЛ - Sputnik Кыргызстан
"Сосновка" жана "Арал" постунда жылынуучу жайлар уюштурулду
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Абдишарип Бекилов чынында Бишкек — Ош жолунун аталган бөлүгүндө автотыгын бар экенин айтып, ИИМ, ӨКМ жана Транспорт министрлигинин өкүлдөрүнөн турган штаб түзүлгөнүн айтты.

"Учурда абалды жөнгө салуу үчүн ИИМ кызматкерлери менен Транспорт жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иштеп жатат. Жол тыгынын болтурбоо үчүн "Сосновка", "Арал" постторунда чектөө киргизилип жатат", — деди ал.

Бекилов ошондой эле айдоочуларды министрликтин жиберген эскертүүлөрүнө көңүл буруп, кар тазаланганга чейин жолго чыкпай турууну эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0