Бишкек — Ош жолунда унаалар аз-аздан өткөрүлө баштады

© Фото / Александр ФедоровПеревал Тоо-Ашуу на автодороге Бишкек - Ош
Перевал Тоо-Ашуу на автодороге Бишкек - Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ саат 16.20да "Сосновка" өткөрүү пунктун толугу менен жаап, айдоочулар үчүн жылынуу жайларын ачышкан

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолундагы кыймыл жарым-жартылай чектелип, 5-6 унаадан өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Жол азабы — көр азабы. Чычкан капчыгайынан Ала-Бел чейинки автотыгындын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жол азабы — көр азабы. Чычкан капчыгайынан Ала-Бел чейинки автотыгындын видеосу
Аба ырайынын шарттарына жана жолдун 195 жана 224 чакырымдарындагы унаа тыгынына байланыштуу 29-декабрь күнү кыймылга чектөө киргизилген.

Саат 16.20да "Сосновка" өткөрүү пунктун толугу менен жаап, айдоочулар үчүн жылынуу жайларын ачышкан. 

Ишемби күнү таңкы саат бештен тарта 5-6 унаадан өткөрүлө баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0