Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: жетекчи деген адамгерчилик жактан да үлгү болушу керек

© Sputnik / Жоомарт УраимовГлава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов
Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият жана маалымат министринин алдындагы Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов башкарма психолог болушу керектигин айтты
Жаманкулов: жетекчи деген адамгерчилик жактан да үлгү болушу керек

Жетекчи деген адамгерчилик жактан да үлгү болушу зарыл. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, башкаруучу болуу оңой эмес.

"Жетекчи деген биринчи кезекте философ, анан психолог болушу керек экен. Ар бир адамдын өзүнүн кыял жоругу, ойлонуу деңгээли болот. Ошолорду таанып билүү зарыл. Анан кызматкердин ишмердүүлүгүн эле эмес, башка жөндөмдөрүн да билүү туура болот. Бирөөгө стимул жакса, башкасына талап коюп, кийинкисине жакшы сүйлөйсүң. Анан, албетте, жетекчи болом десең кесипкөйлүк жактан жана адамгерчилик жактан үлгү болушуң керек. Ошондо артыңан адам ээрчийт", — деди Жаманкулов.

Ал жамааты жетектеген адам жумушчулардын көйгөйүн сезип, алар менен сүйлөшкөндү билиши керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0