Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Осмонканов: кинону бизнеске айланткандар акырындап жоголот

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссёр Бакыт Осмонкановдун архивдик сүрөтү
Режиссёр Бакыт Осмонкановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режиссёр Бакыт Осмонканов тарткан тасмаларында кемчилектер бар экендигин, учурда үйрөнчүк режиссёр катары эмгектенип жаткандыгын айтты
Осмонканов: кинону бизнеске айланткандар акырындап жоголот

Кинону бизнеске айланткандар акырындап жоголот. Бул тууралуу режиссёр Бакыт Осмонканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, тасма тартуу оңой жумуш эмес.

"Акырындык менен кино тармагында бизнес кылгандар жоголуп, маданиятка салым кошууну каалагандар алга жыла берет деп ойлойм. Мен акча үчүн тасма жараткан продюсер, режиссёрлорду көргөм. Бирок алар азыр акырындап жоголуп баратат", — деди Осмонканов.

Режиссер алдыда дагы 2-3 жыл иштеп, кино жаатында билимге ээ болуп, фестивалдарга катышуу ниети бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0