Окуучу кызды жаакка чапкан мугалимдин видеосу кайда тартылганы аныкталды

Жазылуу
Борбор калаадагы мектептерде текшерүү жүргөн

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Социалдык тармакта кеңири жайылган мугалимдин окуучу кызды жаакка чапкан видеосу Бишкекте тартылган эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

​Аталган видеону kgdaddy деген ат менен чыккан пайдалануучу жүктөгөн.

Буга чейин министрлик борбор калаадагы мектептерде текшерүү иштери жүргөнүн маалымдап, натыйжада аталган видео башка жакта тартылганы айтылган. Болжол менен Казакстан же Россия болушу мүмкүн экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0