Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекешев: таза суу колдонгон унаа жуучу жайларга чара көрүү керек

© Фото / пресс-служба ЖК КРКСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев калаадагы максатсыз колдонулуп жаткан сууну көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтты
Бекешев: таза суу колдонгон унаа жуучу жайларга чара көрүү керек

Таза суу колдонгон унаа жуучу жайларга чара көрүү керек. Бул тууралуу Дастан Бекешев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн парламентте таза суу маселеси боюнча өкмөттүк саат өттү.

"Биздин унаа жуучу жайларыбыз машиналарды таза суу менен жууйт. Канча суу кетип жатканын эч ким өлчөбөйт, көзөмөлгө албайт. Дүйнөдө унаа жууй турган жайлар фильтрацияны киргизип, сууну үч жолу пайдаланышат. Өкмөт ушуга чара көрүшү керек", — деди Бекешев.

Ал айрымдар таза суу менен огородун сугарып жатканын, аларга да чара көрүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0