Жума күнүнө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Жума күнү айрым жерлерде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Аялдамада транспорт күтүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Катуу сууктан улам ӨКМ күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө —10…-15 градус суук болсо, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күн 0…5 градуска жылыйт. Ал эми Ысык-Көл ойдуңунда күн —1…-6 градус суук болот. Нарын облусунда болсо сууктун күчү —15…-20 градуска чейин жетет.

Борбор калаада кар жаап, абанын температурасы 15 градуска чейин төмөндөсө, Ош шаарында 2 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0