Суусамырда унаасы аласалып жолдо калган айдоочуну Чүй милициясы аман алып калды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-28-январь күндөрү жол милициясынын кызматкерлери оор абалда калган 45 айдоочуга жардам бергени айтылды

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери Ош — Бишкек жолунда унаасы кырсыкка учурап, 38 грудустук суукта жолдо калган айдоочуга жардам беришти. Бул тууралуу Чүй ЖКККБсынын маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган жолдун 145-чакырымында, тагыраагы, Суусамыр районунда жүк жашуучу унаа аласалып кеткен. Унаанын авариялык жарыгын көргөн милиция кызматкерлери жанына барганда суукта тоңуп турган айдоочуну көрүшкөн.

"Инспекторлор аны эл ичинде "Париж" деп аталган жерге алып барып, мейманканага жайгаштырып, өздөрү анын жүгүн кайтарып турушкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле 25-28-январь күндөрү жол милициясынын кызматкерлери оор абалда калган 45 айдоочуга жардам бергени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0