Эл аралык террордук топко мүчө болгон коңшу өлкөнүн жарандары кармалды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүКол кишен. Архив
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар Кыргызстанга келип террордук уюмдун ячейкаларын ачууга аракет кылышкан

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Эл аралык террордук уюмдардын ишмердигине каршы күрөшүү жана алардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында Сирия жана Ирактын аймагында согушкерлердин курамында болуп келген КМШ өлкөлөрүнүн 29, 53 жана 54 жаштагы жарандары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Колго түшкөндөрдүн бири эл аралык согушкерлердин катарында Сириядагы согуштарга катышканы үчүн издөөгө алынган. Ал эки жан-жөкөрү менен Кыргызстанга келип, террордук уюмдун ячейкаларын ачууну көздөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0