Кыргыз-өзбек чек арасында ок жеген кыргызстандык мекенине кайтты

Жазылуу
Учурда Асан Усенбаевдин абалы канааттандыраарлык

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасында ок жеген кыргызстандык жаран кыргыз тарапка өткөрүлдү. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Асан Усенбаев 31-январь күнү "Достук-автодорожный" өткөрүү пунктунда кыргызстандык чек арачыларга өткөрүлүп, андан соң Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

"Өзбекстандык чек арачылардан ок жеген жаранды өткөрүп алууга укук коргоо органдары, медицина кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана туугандары барган. Учурда Асан Усенбаевдин абалы канааттандыраарлык", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков кыргыз-өзбек ортосундагы ишенимди бекемдеген мыйзамга кол койду
Жабырлануучу бүгүн Бишкек шаарына учак менен жеткирилет.

Аталган факты боюнча эки тараптан тең иликтөө иштери жүргүзүлөт. Андан соң мындай окуяларды болтурбоо максатында атайын иш-чараларды көрүү пландалууда.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагында 27-январда өзбекстандык чек арачылар курал колдонуп, кыргызстандык жаранга ок чыгарган, санынан жаракат алган ал киши Өзбекстандын аймагындагы ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0