Жума күнүнө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. 2-февраль күнү түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күн 3…8 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көлдө абанын температурасы 0…5 градуска чейин көтөрүлсө, Нарында 6…11 градус суук болот.

Бишкекте 6…8, Ош шаарында 4…6 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0