Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Жолдорго муз тоңуп тайгак болот. Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө —1…-6 градус болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылуу болору айтылды. Ысык-Көлдө —3…+2 болсо, Нарында сууктун күчү 12 градусту чамалап барат.

Бишкекте —2…-4 градус болсо, Ошто 2 градус нөлдөн жогору болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0