Кайсы күндөрү кар жаайт? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
5-февралдан башка күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. 4-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Работа ТЭЦ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кар көрөбүзбү? Февраль айына карата аба ырайы
Бүгүн күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

5-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Ал эми 6-7-8-февралда айрым жерлерде бир аз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши болжолдонууда.

Ал эми 9-10-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Кыргызгидрометтин февраль айына карата аба ырайы божомолун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0