Бишкекте 700 спортчунун катышуусунда каратэ боюнча мелдеш өтөт

© Фото / пресс-служба спортивного клуба "Кейхацу"Каратэ беттеши. Архив
Каратэ беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин биринчи күнү чоңдор күч сынашса, кийинки күнү балдар беттешет.

БИШКЕК, 6-фев.— Sputnik. Борбор калаада WKF каратэ боюнча XI эл аралык турнир өтүп, анда алты өлкөнүн спортчусу күч сынашат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине "Кейхацу" каратэ клубунан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, беттеш 10-11-февраль күндөрү №29 мектеп-гимназиясынын спорт комплексинде өтөт.

"Спорттук мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия (анын ичинде Башкыртстан жана Татарстан) өлкөлөрүнүн спортчулары келмекчи. Турнирге кыргызстандыктарды кошкондо 6 жаштан өйдө 700дөн ашуун спортчу катышат. Калыстар тобунунун курамын КМШ өлкөлөрүнөн келген судьялар түзөт", — деп жазылат маалыматта.

Мелдештин биринчи күнү, 10-февралда, чоңдор күч сынашса, 11-февралда балдар беттешет.

Өткөн жуманын аягында Бишкекте бокс боюнча турнир өтүп, анда муштум түйгөн кыздар ортосунда кызуу беттеш болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0