Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековШаар тургундары. Архивное фото
Шаар тургундары. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бейшемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Талас облусунда 0…-5 градус суук болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 0…5 градус болуп жылыйт. Ал эми Ысык-Көлдө күн 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу болсо, Нарын аймагында адаттагыдай эле суук болуп, күчү 6…11 градуска жетет.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, —2…-4 градус суук болсо, Ошто 2…4 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0