Кыргызстанда сатылчу өзбекстандык товарлардын тизмеси

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүУральская международная выставка "ИННОПРОМ-2010" в Екатеринбурге
Уральская международная выставка ИННОПРОМ-2010 в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын тышкы соода министри өлкө Кыргызстанга экспорттой турган товарларды айтты

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Өзбекстандык ишканалар Кыргызстанга экспорттоочу товарлардын көлөмүн көбөйтүшү толук мүмкүн экенин коңшу өлкөнүн тышкы соода министри Жамшид Ходжаев экономика министри Артем Новиков менен жолугуп жатып билдирди.

Ушу тапта Ходжаев башында турган өзбекстандык делегация Бишкекте. Сапар 9-февралга чейин уланмакчы.

"Өзбекстандын ишканалары жеңил жана жүк ташуучу заманбап унааларды, автобус, айыл чарба жана жол техникасын Кыргызстанга жеткирүүгө даяр", — деди министр.

Мындан тышкары, ал ишкерлер минералдык жер семирткич, тиричилик техникасы менен камсыздоого даяр экенин кошумчалады.

Буга чейин Артем Новиков Кыргызстан коңшу өлкөгө кайсы азыктарды экспорттоого кызыкдар экенин тизмектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0