Ишемби күнүнө карата аба ырайы

© AFP / JEFF PACHOUDКарда басып бараткан адамдар. Архив
Карда басып бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө, Талас менен Ысык-Көлдө күн 2 градус сууктан, 3 градуска чейин жылыйт. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 3…8 градус нөлдөн жогору болот. Нарын аймагында сууктун күчү сакталып —9…-14 градуска чейин жетет.

Борбор калаада күн ачык болуп 0…2 градус суук болсо, Ошто 5…7 градус жылуу болору божомолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0