Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Кыргызгидромет дем алыш күндөргө карата аба ырайынын божомолун жарыялады

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. 11-февралда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Бул тууралуу Кыгрызгидрометтен билдиришти.

Ага ылайык, жолдор тайгалак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында түндө 6…8 градус суук болуп, күндүз күндүн табы 2…4 градуска чейин көтөрүлөт. Ош шаарында болсо түндө 4…6 градус суук болуп, күндүз 5…7 градуска чейин жылыйт.

Жекшембиде Чүйдө түнкүсүн 5…10 градус суук болсо, күндүз 5 градуска чейин жылыйт.

Таласта түнкүсүн 8…13 градуска чейин суук болсо, күндүз 6 градуска чейин көтөрүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 2…7 градус суук болсо, күндүз 4…9 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8 градуска суук болсо, күндүз 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылуу болот.

Нарында башка аймактардан айырмаланып, адаттагыдай суук. Аяздын күчү түндө 25 градуска жетсе, күндүз —5… —10 градустун тегерегинде болот.

Февраль айында өлкө аймагында абанын температурасы кандай болот?

Жаңылыктар түрмөгү
0