ЖМК: Кыргызстанда туулган окуучу Москвада 12-кабаттан кулап аман калды

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүПервый дом для переселения по программе реновации в Москве
Первый дом для переселения по программе реновации в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучу башка адамдардын көз алдында саат 15:30дар чамасында кулап түшкөн

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Москвадагы көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кулаган он эки жаштагы окуучу аман калганын "Московский комсомолец" гезити билдирди.

Окуя 8-февралда Твардовский көчөсүндө катталган. Басылманын билдиришинче, үйдүн алдындагы бак-дарактар менен калың кар баланын өмүрүн сактап калган.

Глыба льда внезапно упала с неба, чуть не убив дворника в Лондоне - Sputnik Кыргызстан
Асмандан түшкөн муз адам өмүрүн ала жаздады. Лондондо тартылган видео
Маалыматка ылайык, бала башка адамдардын көз алдында саат 15:30дар чамасында кырсыктаган. Тургундардын бири ашканада чай ичип отурганда кулап бараткан баланы көргөн. Башка бир тургун сыртта ити менен сейилдеп жүргөндө окуяга күбө болгон. Кулап түшкөн бала эс-учун жоготкон эмес.

Башка күбөлөрдүн айтымында, 12-кабаттагы үйдүн терезесинен экинчи баланын башы көрүнгөн, балким ал кулаган баланын туугандары болушу мүмкүн экенин билдиришкен. Гезит кулаган баланын байкеси менен эжеси сыртка чуркап чыккандыгын да кошумчалай кеткен.

Окуя болгон жерге Тез жардам чакырылган. Гезиттин маалыматы боюнча окуучу бала Кыргызстанда төрөлгөн. Батирде андан башка байкеси менен эжеси жана жергиликтүү мектепте окуган балдар болгон. Үй-бүлө Москвага үч жыл мурда көчүп келген.

КРдин Россиядагы элчилигинен окуянын чоо-жайын жана анын кандай жагдайда болгонун аныктоо иштери жүрүп жаткандыгын кабарлашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0