Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПрирода Иссык-Кульской области
Природа Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Шейшемби күнү Алай өрөөнүнүн чыгышында жана Кумтөр капчыгайында бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө күн жылып температурасы 9…14 градуска чейин жетсе, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 8…13 градус нөлдөн жогору болот. Ал эми Ысык-Көлдө дүйшөмбүдөгүдөй эле аба ырайы сакталып, күндүн табы 5 градуска чукулдайт. Нарында болсо сууктун күчү 1…6 градус болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, 11…13 градуска дейре жылуу болору божомолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0