Бишкектин борборундагы эс алуу жайдагы өрт беш саатта өчүрүлдү

© Фото / Илязбек БалташевПожар в центре отдыха "Причал 24" в Бишкеке
Пожар в центре отдыха Причал 24 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоого каршы өрт өчүрүүчү беш бригада иштеди

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Борбор калаанын борборундагы "Ретро-метро" клубунун жанындагы эс алуу борборунда чыккан өрт саат 02:10дө өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкектин Түгөлбай-Ата жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Өрттөн качып 5-кабаттан секирип кеткен өспүрүм ооруканада көз жумду
"Ретро-метро" клубунун жанындагы эс алуу жайында чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө саат 21:27де түшкөн.

Жалынды өчүрүү үчүн беш бригада чакырылып, аны 22:57де чектешкен. Өрт беш саатка жакын өчүрүлгөн. Кырсыктын эмнеден чыккандыгы азырынча белгисиз.

Тилекке каршы өрт кырсыгы өмүрдү алган учурлар да кездешүүдө. Жакында эле жалындан качам деп 5-кабаттан секирип кеткен 15 жаштагы өспүрүм Бишкектеги №3 балдар ооруканасында көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0