Жабырлануучу: Бишкекте балдардын тобу кыздарды сабады

Жазылуу
Балдардын тобу көңүл ачуучу жайдагыларга көл көтөрүп, кыздарды сабашкан. Жабыр тарткан күбөлөрдүн бири окуя тууралуу айтып берди

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Борбор калаанын 12-кичи районунда 24-февралдын түнүндө мушташ болгонун шаар тургуну Родион Решетов билдирди.

Анын айтымында, түндө караоке-барга сүйлөшкөн кызы менен эжесине келген. 20-25тей бала караокедеги кардарларды сабап жатканына күбө болгон. Алардын бири Решетовдун сүйлөшкөн кызына жаман сөздөрдү айтканда чыдабай кетип болушкан.

"Мен шок болдум. Алар мени менен мушташпай эле кыздар менен кармашканы келишиптир. Алардын бирөө күрөш ыкмасына да салып жатты. Кыздарды койгулап жатышты", — деди ал.

Кыздарга болушам деген Решетовду балдар сабаган. Сыртка чыгышканда дүкөндөрдүн бирине келген кардар аларды ажыратып калган. Жабыр тарткан бала милицияга арыз жазды.

ШИИБ аталган окуя боюнча бардык экспретизалар дайындалганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0