Оор кылмышы үчүн издөөдө жүргөн чет элдик жаран Бишкектен колго түштү

© AFP / NOEL CELISКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелүүчү белгиленген тартипте өнөктөштөрдүн тиешелүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берилди

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Оор кылмыш жасады делип издөөдө жүргөн чет элдик жаран Кыргызстанда колго түшүрүлгөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирүү каналдарына бөгөт коюу боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн биринин укук коргоо органдары тарабынан оор кылмыш жасагандыгы жана антиконституциялык иштери үчүн издөөгө алынган 44 жаштагы жаран кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Шектелүүчү белгиленген тартипте өнөктөштөрдүн тиешелүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0