Россияда иштеп мекенине жаңы эле келген мигрант өз үйүндө киши колдуу болду

© Sputnik / Табылды КадырбековПоиски беглых заключенных в жилмассиве "Энесай"
Поиски беглых заключенных в жилмассиве  Энесай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум тирүү кезинде Россияда эмгектенип, 2017-жылдын ноябрь айында мекенине кайтып келген.

ОШ, 26-фев. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагынын 54 жаштагы тургуну киши колдуу болду. Аны өлтүрүүгө шектелгендер изделип жатканын облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя кечээ, 25-февраль күнү болгон.

"Маркумдун денесинин бир канча жеринде белгисиз темир буюм менен сайылган жаракаттар бар. Учурда кылмыш жасаган адамдар изделип жатат. Маркум тирүү кезинде Россияда эмгектенип жүргөн. 2017-жылдын ноябрь айында мекенине кайтып келген", — деп айтылат маалыматта.

Көз жумган кишинин жубайы Түркияда эмгектенери белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0