Садык Шер-Нияз, Элина Абай кызы баштаган таланттар Токтогул сыйлыгын алышты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевНаграждение деятелей культуры и искусства Государственной премией КР им. Токтогула в области литературы, искусства и архитектуры
Награждение деятелей культуры и искусства Государственной премией КР им. Токтогула в области литературы, искусства и архитектуры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган сыйлык жетиге чукул маданият ишмерине ыйгарылды

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 27-февралда, маданият жана искусство ишмерлерине адабият, искусство жана архитектура жаатындагы мамлекеттик Токтогул сыйлыгын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Премьер Кыргызстанды чыгармачылыгы менен дүйнө жүзүнө тааныткан маданият жана искусство ишмерлери менен сыймыктанарын айтты.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 27-февралда, маданият жана искусство ишмерлерине адабият, искусство жана архитектура жаатындагы мамлекеттик Токтогул сыйлыгын тапшырды.
Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 27-февралда, маданият жана искусство ишмерлерине адабият, искусство жана архитектура жаатындагы мамлекеттик Токтогул сыйлыгын тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 27-февралда, маданият жана искусство ишмерлерине адабият, искусство жана архитектура жаатындагы мамлекеттик Токтогул сыйлыгын тапшырды.
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер Кыргызстанды чыгармачылыгы менен дүйнө жүзүнө тааныткан маданият жана искусство ишмерлери менен сыймыктанарын айтты.
Премьер Кыргызстанды чыгармачылыгы менен дүйнө жүзүнө тааныткан маданият жана искусство ишмерлери менен сыймыктанарын айтты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Премьер Кыргызстанды чыгармачылыгы менен дүйнө жүзүнө тааныткан маданият жана искусство ишмерлери менен сыймыктанарын айтты.
1/2
Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 27-февралда, маданият жана искусство ишмерлерине адабият, искусство жана архитектура жаатындагы мамлекеттик Токтогул сыйлыгын тапшырды.
2/2
Премьер Кыргызстанды чыгармачылыгы менен дүйнө жүзүнө тааныткан маданият жана искусство ишмерлери менен сыймыктанарын айтты.

"Сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, талантыңыздарга таазим этем. Бул сыйлык кыргыз элинин маданий мурасына, анын тарыхы жана каада-салтынын сакталышына, өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар үчүн берилет", — деди өкмөт башчы.

Сыйлык төмөнкү маданият жана искусство ишмерлерине тапшырылды:

Каныбек Жунушев, акын – "Күн чубак" ырлар жыйнагы үчүн;

Режиссер Эрнест Абдыжапаров - Sputnik Кыргызстан
Өз үйүн күрөөгө коюп кино тарткан Эрнест Абдыжапаров. Режиссер тууралуу 6 факты
Талант Огобаев, сүрөтчү – "Космос любви" картинасы үчүн;

Садык Шер-Нияз, режиссер-коюучу, сценарист – "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильми үчүн;

Бакытбек Турдубаев, сценарист – "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильминин сценарийи үчүн;

Мурат Алиев, оператор – "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильми үчүн;

Назира Мамбетова, актриса – "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильминде Курманжан датканын ролун аткаргандыгы үчүн;

Элина Абай кызы, актриса – "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильминде Курманжан датканын ролун аткаргандыгы үчүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0