Сокулукта эки аял сууга чөгүп кетти

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын экөө тең 45 жашта экендиги маалым болду

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы көлмөгө эки аял чөгүп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маркумдар экөө тең 45 жашта болгондугу маалым болду.

"Окуя бүгүн саат 10:45 чамасында болгон. ӨКМдин 10 куткаруучусу эки жарым саатка чукул убакыттан кийин алардын сөөгүн таап чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.

Суучулдар маркумдарды жерлигиктүү милициянын кызматкерлерине өткөрүп берди.

Буга чейин Таласта да 62 жаштагы аял балык кармоо үчүн чыгып кетип, сөөгү дарыянын жээгинен табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0