Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКол чатырчан аял. Архив
Кол чатырчан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. 2-март күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын пахта себүүчү аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жаан карга айланып, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй менен Таласта 0…5 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 4…9 градус жылуу болору айтылды. Ысык-Көлдө —1…+4, ал эми Нарында 2…7 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Борбор калаада 3…5, Ош шаарында 7…9 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0