Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПервый снег в Москве
Первый снег в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Ишемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
8-мартта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин маалыматы
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Талас облусунда 10 градуска чейин жогорулайт. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы 11 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө күндүз 5 градуска чейин жылыса, Нарында 5 градус суук болот.

Бишкек шаары менен Ош калаасында күн ачык болуп, 10…13 градус жылуу болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0