Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөлчүк. Архив
Көлчүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жекшембиде, 4-март күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар, айрым жерлерде жамгыр жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Чүй менен Таласта абанын температурасы 6…11 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы 9…14 градуска чейин жогорулайт. Ысык-Көлдө 3…8 градус жылуу болсо, Нарында 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Бишкекте күндүз жамгыр жаап, 9…11 градуска чейин жылыйт. Ал эми Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 11…13 градуска чыгары божомолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0