"Ош" базарындагы өрттөн канча ишкер кандай зыян тартканы аныкталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ош" базарындагы өрттүн кесепеттери
Ош базарындагы өрттүн кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көмөк көрсөтүүнү сурап 150 адамдан арыз түшүп, бирок 74 ишкердин гана документи так болуп чыккан

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Атайын комиссия борбор калаанын "Ош" базарында чыккан өрттөн зыян тарткан ишкерлердин тизмесин тактады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн вице-премьер Санжар Муканбетовдун катышуусунда өрттүн кесепетин баалоо боюнча комиссиянын кеңешмеси өткөрүлгөн.

"Материалдык зыянды калыбына келтирүү жаатында көмөк көрсөтүү жөнүндө жалпысынан 150 адамдан арыз келип түшкөн, анын ичинен 135и "Сейтек" базарынан ("Сейтек" ЖЧК, директору Ч.Ю.Тойчубекова) жана 15и "Берекет Плюс" базарынан ("Табрис-Мурас" ЖЧК, директору Н.Ж.Канжанов)", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми "Сейтек" ЖЧКсы 2017-жылдын соңунда Салык кызматына соодагерлеринин жалпы саны 96 адамды түзөрү тууралуу маалымат берген.

"Тыкыр текшерүүдөн өткөргөн соң 74 ишкердин гана патенти болгондугу аныкталган. Мында реалдуу материалдык зыян тарткандыгын тастыктаган документтер тиркелген эмес. Ошондой эле Социалдык фондго төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес. Такталган 74 ишкердин 32синин банкта насыясы бар. Анын суммасы 50 миң сомдон 2,1 миллион сомго дейре жетет. Насыянын жалпы суммасы 16 миллион 984 миң 306 сомду түзөт", — деп жазылган.

Бир жылда бир батир ала турган акча тапчубуз. Жок болуп бара жаткан Ош базары - Sputnik Кыргызстан
Бир жылда бир батир ала турган акча тапчубуз. Жок болуп бара жаткан "Ош" базары
Белгилей кетсек, атайын жобого ылайык, ишкердүүлүк субъектилерин каттоо жөнүндө күбөлүктү жана келтирилген зыянды тастыктаган документтерди тапшырбаса, арыз берүүчүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүлбөйт. Ошол такталган документтерге карап, өрттөн жабыркаган 74 ишкер катталган. Бекитилген тизме боюнча Салык кызматы менен Экономика министрлигине соодагердин кырсыктан кийин иштеген учурунан тарта 6 айга чейин патент үчүн төлөм мөөнөтүн узартуу тууралуу өкмөт аппаратына сунуш киргизүү тапшырылды.

Мындан сырткары, Улуттук банкка жана финансы-кредиттик уюмдарга (макулдашуу боюнча) кредиттик карыздарын жеңилдетүү боюнча маселени 1-майга чейин карап чыгуу сунушталды.

Эскерте кетсек, 30-январь күнү эртең менен саат 9.40дар чамасында "Ош" базарында өрт чыгып 3500 чарчы метрлик аянтты жалмаган. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 12 техника тартылган. Түшкө жуук өрт чектөөгө алынып, кечки саат 18.29да толугу менен өчүрүлгөн. ӨКМ кырсыктын кесепетинен "Сейтек" кичи базарындагы 108 күркө, "Берекет плюс" базарындагы 10 соода түйүнү күйүп кеткенин маалымдаган. Ал эми базар жетекчилиги өрттөнгөн жерде 250гө чукул адамдын соода түйүнү болгонун айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0