Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Күндүн табы көтөрүлүп, Чүй менен Талас өрөөнүндө 10…15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 14…19, Ысык-Көлдө 5…10, Нарын аймагында 3…8 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 17…19 градуска дейре жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0