Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Откеев: эл көрбөсө да фестиваль үчүн тасма тартуу планымда бар

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссер Сүйүн Откеевдин архивдик сүрөтү
Режиссер Сүйүн Откеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режиссёр динамикасы жок, оор кинолорду эл көрбөй тургандыгын айтты
Откеев: эл көрбөсө да фестиваль үчүн тасма тартуу планымда бар

Эл көрбөсө да фестиваль үчүн тасма тартуу планы бар экендигин Сүйүн Откеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кызыксыз кинолорду эл көрбөгөндүгү менен алар фестивалдарда ийгилик жаратып келет.

"Кызыксыз тасманы эл көрө бербейт. Мисалы, фестивалдарга арналып тартылган сюжети оор, эки сааттан ашык хронометражды түзгөн кинолорду көрүү үчүн эл кинотеатрга барбайт. Эл аралык сынактар үчүн тартылган автордук тасмаларда режиссёр өзүнүн ичиндеги нерсени айтып, элдин пикири менен эсептешпейт. Буюрса, эл көрбөсө да фестивалдарга катышуу үчүн тасма тартуу планымда бар", — деди Откеев.

Режиссёр өткөн жылы кинотеатрга келгендердин саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз болгондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0