Бишкектин жака белинде даракты сүзгөн айдоочу мүрт кетти. Жан кейиткен сүрөттөр

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкек — Ала-Тоо совхозу жолунда бүгүн саат 16.00дөр чамасында жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду
Бишкек — Ала-Тоо совхозу жолунда бүгүн саат 16.00дөр чамасында жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу рулга ээ боло албай калган

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкек — Ала-Тоо совхозу жолунда бүгүн саат 16.00дөр чамасында жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуДТП со смертельным исходом на трассе Бишкек — совхоз "Ала-Тоо"
ДТП со смертельным исходом на трассе Бишкек — совхоз Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
ДТП со смертельным исходом на трассе Бишкек — совхоз "Ала-Тоо"

Анын айтымында, унаа катуу ылдамдык менен келип даракты сүзгөн. Унаа ичинде 20 жаштагы айдоочу досу экөө болгон.

"Балдар Ала-Тоо совхозу тарабынан Бишкекти көздөй бара жатып, айдоочу унааны башкара албай даракты сүзгөн. Алган жаратынан Тез жардам кызматы келгенге чейин каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жүргүнчү катуу жаракат алып, Чүй облустук ооруканага жеткирилгени кошумчаланды.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0