Түш көрүп жатканда мээнин кантип иштей тураганы маалым болду

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүУктап жаткан аял. Архив
Уктап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер түштү жай көрүп жаткан учурда эмне эстелип каларын билгенге аракет кылып көрүшкөн

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Лондондогу Кембридж жана Империя колледжинин окумуштуулары түш көрүп жаткан учурда кандай процесстер болорун айтып беришкен. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адистер түштү жай көрүп жаткан учурда эмне эстелип каларын билгенге аракет кылып көрүшкөн. Ал үчүн чычкандардын нейрондорун изилдөөгө алышкан.

Илимий мекемелердин кызматкерлери маалыматты эске бекем сактап калган нейрондор арасындагы байланыш күчөп, ал эми анча маанилүү эместери унутулуп кала турганын аныктап чыгышкан.

"Адамдардын абалына, тагыраагы, толкунданып, санаа тартканына жараша нейрондорунун ортосундагы байланыш улам өзгөрүп турат", — деп айткан изилдөөнүн автору Ана Гонсалес Руэда.

Студенттик аудиториядагы уйку. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күндүз уктоо ден соолукка кандай таасир этерин окумуштуулар айтты
Руэданын айтканына караганда, бул механизм нерв системасынын дүрбөлөңгө түшүп, козголушунун алдын алат. Бул жол менен мээ маалыматтарды унутпай тургандай кылып сактап алат.

"Мээ өзүнө көп маалыматтарды сактоого жөндөмдүү болгону менен нейрондор арасындагы байланыш жана активдүүлүгү кадыресе эле бир топ энергияны талап кылат. Андыктан маанилүү делген гана учурлар сакталып калат", — деди ал.

Буга чейин окумуштуулар уйку жашоонун узактыгына кандай таасир этерин аныктап чыгышкан. https://sputnik.kg/world/20180316/1038180229/az-zhana-kop-uktoonun-zyyandary.html

Жаңылыктар түрмөгү
0