Исаков: Кыргызстанда адам өмүрүн алган жол кырсыктары азайды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугу системасын реформалоо алгачкы жемишин бере баштаганын жумушчу кеңешмеде айтты
Премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугу системасын реформалоо алгачкы жемишин бере баштаганын жумушчу кеңешмеде айтты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий маалымат боюнча акыркы эки айдын ичинде киши өмүрүнө забын болгон жол кырсыктарынын саны былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 40 пайызга кыскарган

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугу системасын реформалоо алгачкы жемишин бере баштаганын жумушчу кеңешмеде айтты. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жазылды.

"Акыркы эки айдын ичинде былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу адам өмүрүн алган жол кырсыктарынын саны 40 пайызга төмөндөгөн. Эреже бузууну аныктоо 45 пайызга жогорулаган, бул 74 миң учурга көп көрсөткүч. Өлкө бюджетине айып пулдан 18 миллион сомго көп акча түшкөн", — деди Исаков.

Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кочкордогу жол кырсыктан эки аял каза таап, ымыркай комада жатат
Премьердин айтымында, бул ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгындагы (ЖКККББ) коррупциянын жоюлуп жатышынан кабар берип турган көрсөткүч.

Ал эми ЖКККББ жетекчиси Канат Жумагазиев 760 кызматкер атайын окуудан, калганы тестирлөөдөн өткөнүн билдирди. Анын айтымында, 623 кызматкер жакшы жыйынтык көрсөтсө, 432си сынактан өтпөй калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0