Бишкектин соода борборлорунда өрткө каршы күрөшүү боюнча машыгуулар өтөт

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүӨрт өчүргүч көрсөтүп жаткан кыз. Архив
Өрт өчүргүч көрсөтүп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкектеги соода борборлорунда, базарларда жана башка эл көп чогулган жайларда өрткө каршы күрөшүү боюнча атайын машыгуулар өтөт. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Иш-чара Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы менен биргеликте ишке ашырылат.

"Эртең, 30-мартта Бишкектин бир катар соода үйлөрү менен базарларда өрткө каршы техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча машыгуулар өтөт. Ага ӨКМ менен Мамэкотехинспекциядан тышкары, райондук администрациялардын өкүлдөрү катышат", — деп айтылат маалыматта.

Пожар в торговом центре «Зимняя вишня» в Кемерово - Sputnik Кыргызстан
Ажал оозунан кайтып... Тажикстандыктар Кемероводогу өрттөн кишилерди куткарып калган
25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" деп аталган төрт кабаттуу соода борборунда өрт чыккан. Өрт кантип башталганы видео байкоого түшүп калган.

Тергөөнүн версиясына караганда, соода үйү өрткө каршы эрежелерди сактабагандыктан эл сыртка чыга албай калган.

Бул трагедиядан кийин кыргызстандыктар өлкөдөгү соода үйлөрүн текшерүүнү талап кылышкан. WhatsApp каналы аркылуу соода борборлорго бойкот жарыялаган чакырыктар дагы тарай баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0