Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабаева: Москвага мугалимдикке чакырышкан, бирок мен Чаткалды тандадым

© Sputnik / Табылды КадырбековОрус тилчи мугалим Дамира Жумабаева
Орус тилчи мугалим Дамира Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орус тилчи мугалим Дамира Жумабаева аймактарда чет тилдери, математика, орус тили мугалимдери жетишпестигин айтты
Жумабаева: Москвага мугалимдикке чакырышкан, бирок мен Чаткалды тандадым

Москвага мугалимдикке чакырышкан, бирок мен Чаткалды тандадым. Бул тууралуу Дамира Жумабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди

Анын айтымында, өзгөчө тоолуу аймактарда мугалимдердин жетишсиздиги көп кездешет.

"Бир топ мектептерде иштедим. Россия элчилигинде жеке мектепте сабак берип жүрсөм, Москвага жумушка чакырышты. Ошол эле учурда Чаткалдын Чакмак-Суу деген айылына да чакырып калышты. Орус тилчи мугалим такыр жок экенин укканымда, эч ойлонбой эле жөнөдүм", — деди Жумабаева.

Ал жолу катаал болгондуктан Бишкектен Чакмак-Сууга үч суткада жеткенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0