Күндүн көзү кайра бузулат. Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9метрге чейин жетет

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Жаздын экинчи айы жаан-чачын менен башталат. Күн күркүрөп, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абадда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ванна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ысык суу эмнеге муздап кетти? Энергохолдингдин жообу
Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 9…14 градус жылуу болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абадда күндүн табы 16…21 градуска чейин көтөрүлмөкчү. Ысык-Көл менен Нарында 7…12 градус нөлдөн жогору болору айтылды.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы 11…13 градуска жетет. Ошто күндүз жаан-чачын болот, ал эми абанын температурасы 17…19 градуска чукулдап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0