Бишкекте ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды

© AFP / MUJAHID SAFODIEN Брошенная кукла во дворе в поселке Симунье, ЮАР
Брошенная кукла во дворе в поселке Симунье, ЮАР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөөк медициналык экспертизага жөнөтөлдү

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бүгүн эртең мененки саат 8:15тер чамасында Бөкөнбаев жана Герцен көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн короосунан жергиликтүү тургундар пакетке оролуп ыргытылган ара төрөлгөн баланын (4-5 ай) сөөгүн таап алышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди.

Ага ылайык, тургундар соода күркөсүнөн анча алыс эмес жерден шектүү баштык табышкан, анын ичинде баланын сөөгү болгон.

"Тургундар дароо 102 кызматына чалып кабарлашкан", — деди Оморов.

Учурда сөөк медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголушу мүмкүн. Укук коргоо органдары тургундарды сурап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0