Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Саккараева: Кыргызстан коңшу өлкөлөргө интернет таркатуучу борборго айланат

© Sputnik / Асел Акматалиева"Digital CASA — Кыргыз Республикасы" долбоорунун менеджери Элина Саккараева
Digital CASA — Кыргыз Республикасы долбоорунун менеджери Элина Саккараева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Digital CASA — Кыргыз Республикасы" долбоорунун менеджери Элина Саккараева аталган долбоор Борбордук жанаТүштүк Азия өлкөлөрүн аймактык жана глобалдык санариптик экономикага интеграциялоо болуп эсептелерин айтты
Саккараева: Кыргызстан коңшу өлкөлөргө интернет таркатуучу борборго айланат

"Digital CASA (Борбор Азия – Түштүк Азия) — Кыргыз Республикасы" долбоорунун алкагында Кыргызстан башка мамлекеттерге интернет тарката баштайт. Бул тууралуу Элина Саккараева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан чоң хабга айланат.

"Бул доолбордун ичинде Кыргызстанды чоң хабга айландыруу планы каралган. Анда Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Тажикстан, Пакистан жана Афганистан мамлекеттерине интернет таркатуу бар. Анткени аталган өлкөлөр да интернет сатып алууда Казакстанга көз каранды болуп келет", — деди менеджер.

Ал интернеттин баасын төмөндөтүүгө аракеттер көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0